Бүгүн, 29-декбрь күнү №2 көз карандысыз тестирлөө борборунда Медицина факультетинин гистология жана патанатомия кафедрасында гистология предмети боюнча экзамен болуп жатат. Экзаменди гистология жана патанатомия кафедрасынын башчысы, м.и.д., проф. С.Т. Шатманов, улук окутуучулар А.Э. Саттаров, Н.М. Ташматова, окутуучулар Г.Т. Джолдошева, Жаныбек кызы Каныкей жүргүзүүдө.
Борбордун жетектөөчү адиси Орозов Максаттын маалыматында учурда бир күндө 450дөн ашуун студенттер аталган борбордо экзамендерин тапшырууда.