Haber

ОшМУда сабактардын сапатына баа берилет

Ош мамлекеттик университетинин бардык факультеттеринде учурда видео камералар орнотулуп, сабактар толук түрдө кыймыл, үндөрү менен тартылууда. Ушул семестр ичи 150дөн ашуун сабактар DVD дискке жазылып, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору З.Божоновго берилип келген. Сабактардын сапатына дидактикалык, педагогикалык баа берүү боюнча окуу иштери боюнча проректору тарабынан тиешелүү кафедра башчыларына кызматтык каттар жөнөтүлүп, сабактарга анализдер алынган.

Кафедра башчылары берген сабактардын анализине жакынкы күндөрү университеттин окуу-методикалык кеңеши баа берет. Ошондой эле университеттеги эң күчтүү педагог-методисттеринен турган атайын жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ университеттин методикалык кеңешинде, Административдик кеңешинде кафедра башчыларынын сабактардын сапатына берген баасын атайын маселе катары алып чыгып, тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

Бул иш аракеттердин негизги максаты университеттеги өтүлүп жаткан сабактардын сапатын көтөрүү, окутуучулардын педагогикалык-дидактикалык жөндөмдөрүн жогорулатуу, кафедранын ишинде сабактарга приоритет берүү болуп саналат.

1879 11:45 19-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|