Haber

ОшМУнун ректору кыргыз таануучу, манас таануучу профессор Мухаммед Ху Чжэньхуа менен жолугушту

Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков белгилүү Кытайлык түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу профессор Мухаммед Ху Чжэньхуа менен жолугушуп пикир алышты.

Мухаммед Ху Чжэньхуа Пекиндеги Кытай Борбордук улуттар университетинин профессору, ал “Манас” эпосун жыйуу, которуу, изилдөөдө эбегейсиз эмгек сиңирген. Ал Кытай өлкөсүндө “Манас” эпосу, кыргыз эли тууралуу макалаларды даярдап, жарыялап тааныштырып келет. Манасчы Темир Турдумамат айткан “Манас” эпосунун вариантын япон тилине которуп, жарыялаган. Ошондой эле залкар манасчылардын бири Жусуп Мамайдын эмгегин тааныштырууда чоң эмгектерди жасаган.

Жолугушуу учурунда ОшМУнун ректору К.Кожобеков профессор Мухаммед Ху Чжэньхуага кыргыз элин, Кыргыздын көөнөрбөс мурасы “Манас” эпосун изилдөөдө, тааныштырууда кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди жана мындан ары ОшМУнун окумуштуулары менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү сунушун билдирди.

1735 11:18 17-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|