Haber

ОшМУ “Таза сессия” үчүн окутуучуларга 13-сыйлык маянасын берип баштады

Ош мамлекеттик университетинде 16-декабрда өткөн Админстративдик кеңешинде университетте эмгектенген ар бир окутуучу, кызматкерге 2019-жылдын жыйынтыгы менен 1 айлык өлчөмүндө сыйлык акча берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Быйылкы жылы сыйлык акчаны кышкы сессиянын алдынан берүү демилгесин Административдик кеңештин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти. 13-сыйлык акча ОшМУнун атайын каражатынын эсебинен төлөнөт.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков: “Окутуучуларыбызга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып жатабыз. Окуу жайда ыксыз чыгымдарды кыскартуунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды өстүрүүгө шарт жаралууда. Айлык акылардын жогорулашы ар кандай негативдүү көрүнүштөрдүн алдын алууга шарт түзөт”, -деди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын октябрь айында ОшМУда илимий даражасы бар профессордук-окутуучулук курамга 3000 сомдон, окумуштуу даражасы жок бардык окутуучуларга 2500 сомдон айлык акылар жогорулаган. Ал эми структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлеринин айлык акыларына тиешелүү тартипте 1000 сомдон 1500 сомго чейин айлыгына кошулган болчу.

2088 12:20 16-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|