Haber

Профессор Канышай Нурдинованын 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

ОшМУда бүгүн, 20-майда “Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелердин, гуманитардык жана табигый илимдердин актуалдуу проблемалары: учурдагы абалы жана келечектери” аталышындагы ОшМУнун 80 жылдыгына жана профессор Канышай Нурдинованын 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция профессор Канышай Нурдинованын 70 жылдыгына арналган видеоматериалдын көрсөтүлүүсү менен башталды. Алгач ОшМУнун ректору, ф.и. д., профессор Исаков Каныбек маараке ээсин куттуктап, ОшМУнун өнүгүүсүнө, жалпы эле илим, билим, тарбиялоого кошкон салымы, коомдук иштердеги үзүрлүү эмгектери боюнча кеңири баяндады. Ошондой эле университеттин ректорат өкүлдөрү менен биргеликте 70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Канышай Нурдиновага ак элечек, чапан кийгизип, университеттин акчалай сыйлыгын, Ардак грамотасын тапшырды.

Конференцияга келген Ош шаардык мэриясынын, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, КР Тышкы иштер Министрлигинин, Корея Республикасынын, Россия Федерациясынын, Кытай Эл Республикасынын, Казакстан Республикасынын элчиликтеринин өкүлдөрү, Өзбекстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Рустамбе Шамсутдинов, Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимов, Кыргыз Республикасынын Экс-Экономика Министри, экономика илимдеринин доктору, профессор, стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун кеңешчиси Арзыбек Кожошев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кеңешчиси, ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсү Эрмек Сарыбаевдер куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Пленардык жыйында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин туруктуу өнүгүү боюнча ЮНЕСКО кафедрасынын башчысы, география илимдеринин кандидаты, доцент Турсынкул Базарбаева «Казакстандын борборунун акылдуу шаар катары өнүгүшүнүн анализи»,

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык Академиянын “Эл аралык мамилелер жана укук” кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Айнур Джоробекова “Евразиянын тарыхый статусу: Борбордук Азия мамлекеттеринин улуттук стратегиялары”, Анжиян мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканы, Өзбекстан Республикасынын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү экс-элчиси, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Равшанбек Шамсутдинов «Көз карандысыздык жылдарындагы өзбек-кыргыз дипломатиялык мамилелери», Академик Б.Гафуров атындагы Ходжент мамлекеттик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Инамжан “Академик Б. Гафуровдун чыгыш элдеринин улуттук-боштондук кыймылдарынын маселелерин чечүүдөгү салымы”, “Пикир” аймактык эксперттер клубунун төрагасы, эксперт Игорь Шестаков “Кыргызстандын ЕАЭС интеграциялык процесстерине катышуусу: жыйынтыктар жана келечектер”, ОшМУнун жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаментинин директору, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Абазбек уулу Расул “Этникалык социалдык тармактар жана эл аралык миграциялык процесстер” деген темаларда баяндама жасашты. Пленардык жыйындан сон ОшМУнун таланттарынын концерттик программасы тартууланды.

Түшкү тыныгуудан кийин секциялык иштер уланат, жыйынтыгында конференциянын резолюциясын кабыл алынат. Мыкты баяндамаларга сертификаттар тапшырылуусу күтүлүүдө. Конференциянын алкагында коноктор Ош шаарына, ОшМУнун кампустарына саякат жасашат.

Белгилей кетсек, профессор Канышай Нурдинова 1949-жылы 20-апрелде Сузак районунун Сузак айылында төрөлгөн. 1966-жылы Ош шаарында орто мектепти медаль менен, 1970-жылы ОшПИнин физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Билим берүү тармагында ОшМУда катардагы окутуучулуктан, доцент, профессор, проректор, директор, университеттин Аялдар кеңешинин төрайымы, кафедра башчысы кызматтарын аркалап үзүрлүү, ийгиликтүү эмгектенип келет. Учурда ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык мамилелер кафедаларын жигердүү жетектеп келет. Илимий изилдөөчүлүк багытында философиянын тарыхы, социалдык философия, илимдин эл аралык социалдык проблемалары, гендердик изилдөө жана жаштарды тарбиялоо багытында 70 тен ашуун илимий, окуу-усулдук эмгектерди жарыкка чыгарган.

3628 14:02 20-05-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|