Haber

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Кадырлуу кесиптештер!

Сүйүктүү студент достор!

Нооруз – жаратылыш жаңыланган мезгилде келген ынтымактын, берекенин, кечиримдүүлүктүн майрамы. Жамаатыбызда жаздай жаңылануу болсун, элибизде сүмөлөктөй жуурулушкан ынтымак өкүм сүрүп, жергебизден береке, токчулук кетпесин!

Быйыл биз Нооруз майрамын Ош мамлекеттик университети Борбордук Азиядагы эң алдыңкы 3 университеттин жана дүйнөлүк университеттердин ТОП-700нүн катарына кирүүнү максат кылып жаткан учурда белгилеп жатабыз.

Жамаатыбыздын ар бир мүчөсүнө ырыскы-дөөлөттү, ынтымак-ырашкерликти, бакубат жашоону алып келсин. Жаз менен ар бириңиздерде шыктануу, чыгармачылык эргүү пайда болсун!

Сиздерди жергебизге жаңыланууну, жакшы үмүт-тилектерди алып, жарыгын чачып кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен чын ниеттен куттуктаймын!

Майрамыңыздар кут болсун!

Куттуктоо менен Каныбек Исаков

4022 13:15 20-03-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|