Haber

Демилгелүү акыйкатчылар Сулайман Тоонун бооруна көчөт отургузушту

Жалпы республиканын аймагында уюштурулган ишембиликтен соң Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчы аппараты "жекшембилик" өткөрүштү. Анда демилге көтөргөн студенттер Сулайман Тоого 100дөн ашык көчөт (алма, бадам, алмурут, анар, өрүк) отургузушту.

Аталган жакшы саамалыкка ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Абдижапар Аккулов, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Түмөнбай Колдошов да катышып, демилгелүү жаштарга ыраазычылык айтышып, ак баталарын беришти.

2602 09:25 19-03-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|