Haber

Теология факультетинде илим жумалыгынын алкагында иш-чаралар уланып жатат

2019-жылдын 23-апрелинде ОшМУнун теология факультетинде «теологиялык дисциплиналар аралык байланышты бекемдөө» аттуу илимий панели болду. Илимий панелдин модераторлугун аталган факультеттин деканынын милдетин аткаруучу доц. Ниязали Арипов алып барды. Илимий панелде аталган факультеттин октуучулары доц. Шумкар Масиралиев дин философиясынын, доц. Али Жусубалиев ислам тарыхынын, доц. Максат Жумабаев дин социялогиянын, доц. Өскөнбай Зууридинов диндер тарыхынын, доц. Медербек Кадыров мазхаптар тарыхынын, доц. Ниязали Арипов тафсир предметинин башка предметтер менен болгон байланыштарын айтып беришти. Илимий панел студенттер тарабынан берилген суроо жана сунуштар менен кызыктуу болуп өттү.

1477 15:32 24-04-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|