Haber

Теология факультетинде илим жумалыгына старт берилди

2019-жылдын 22-апрелинде ОшМУнун теология факультетинде 22-26-апрель күндөрү өтүүчү илим жумалыгынын ачылуу аземи болуп өттү. Аталган иш-чаранын алкагында «теологиялык дисциплиналар аралык байланышты бекемдөө» аттуу илимий панели болду. Иш-чараны аталган факультеттин деканынын милдетин аткаруучу доц. Ниязали Арипов ачып берүү менен илимий панелдин модераторлугун алып барды. Илимий панелде аталган факультеттин деканынын орун басары доц. Абдулмежит Исламоглу тасаввуф жана түрк ислам адабиятынын, доц. Зайлабидин Ажимаматов мазхаптар тарыхынын, доц. Абдулазиз Калбердиев келам предметинин башка предметтер менен байланыштарын сүйлөп беришти. Илимий панел студенттер тарабынан берилген суроо жана сунуштар менен кызыктуу болуп өттү. Илим жумалыгынын кийинки күндөрү студенттердин билим таймашы жана илимий докладдары орун алган. Эскерте кетсек бардык ишөчаралар теология факультетинин конференция залында саат 15:00 дө болот.

1475 22:00 22-04-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|