Haber

СГД кафедрасы, июнь 2020: Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Онлайн Университети платформасы 10-июнда Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Программага белгилүү адабиятчы, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов, түркиялык адабиятчы, Туркиядагы Кастамону университетин профессору Кыргызстан Айтматов академиясынын мүчөсү Орхан Сөйлемез жана учурда Түркиянын Карабүк университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы Түрк Дүйнөсүн изилдөө борборунун жетекчиси доцент Жылдыз Исмаиловалар катышышты. Иш-чараны белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы алып барды. Онлайн иш-чарага СГД кафедрасынын кыргыз тили адабияты дисциплинасынын окутуучулары да катышышты.
1125 18:58 12-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|