Haber

СГД кафедрасы, май 2020: СГД кафедрасындагы "Илимий макалалар жумалыгынын акыркы куну".

2020-жылдын 8-майында СГД кафедрасынын Латын тилинин негиздери жана медициналык терминология, философия, Кыргызстандын тарыхы секцияларынын окутуучулары кызыктуу баяндамаларын зум аркылуу жасап беришти. СГД кафедрасынын башчысы ф.и.к., доц. Ысмаилова Р.А. "Англис тили дуйнолук маданияттын контекстинде", улук окутуучу Адылбекова Б. У. " XVIII кылымдын аягы XX кылымдын башындагы туштук кыргыздар жана Ош шаары", окутуучулар Акбар к.Э. "Котормо жана котормотаануу", Салиева Д. А. "Азыркы англис тилиндеги неологизмдер", Иманкулова Т. Ж. " Авиценнанын медициналык терминологияга кошкон салымы", Бусурманкул к.М. "Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочулары учурдагы аба ырайынын таасиринен улам журок кан тамырлар оорулары менен тез жардам кызматына кайрылуулары" аттуу макалаларын презентациялашты. Семинарда суроо-жооптор, кызыктуу талкуулар болду. Кафедра башчысы илимий жумалыктын ийгиликтуу, ары жемиштуу аяктаганы менен куттуктап, макала жазып баяндама жасаган жана активдуу катышып берген окутуучуларга терен ыраазычылыгын билдирди.
1229 04:22 09-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|