2019-жылдын 15-октябрында СГД кафедрасынын кезексиз жыйыны болуп өттү. Жыйында “Ednet” коомдук фонду тарабынан уюштурулган “ ЖОЖдо өзүн-өзү баалоону жүргүзүү жана өзүн-өзү балоонун негизинде отчет даярдоо” боюнча тренинг-семинарга катышкандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.
Ошондой эле эл аралык жогорку медициналык мектеби тарабынан уюштурулуп жаткан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү “МЕДИЦИНАЛЫК ИЛИМ ЖАНА БИЛИМ БЕРYY ЧӨЙРӨСYНДӨГY ИННОВАЦИЯЛАР” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында өтүүчү олимпиадага карата акыркы даярдыктар боюнча талкуу жүрдү.