Салтанатка Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан өкүлдөр, окумуштуулар, кесиптештери, студенттери катышышты.
ОшМУ женен жашташ тагдырлаш болуп 75 жылдык мааракесин белгилеп жаткан илимпоз Бурул Каримова ОшМУда билим алып, ушул жерде эмгектенген. Окумуштуунун өмүр жолу, тажрыйбасы, коомдук жетекчилик ишмердүүлүктөрү улуулар үчүн да, кичүүлөр үчүн да үлгү экендигин айткан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Бурул Каримовага ОшМУнун эң жогорку сыйлыгы болгон “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” наамын тапшырды.
Сөзгө чыккан Бурул Каримова “ Бүгүн толуп, ташып турам. ОшМУнун 75 жылдык тарыхы болсо, ошонун 50 жылдан ашуунуна мен тагдырлашмын. Менин ушундай деңгээлге жетип, калыптанышыма ОшМУнун салымы чоң десем жаңылышпайм. Мен ОшМУда калыптандым, ОшМУ менен ар дайым сыймыктанам”, -деп келген конокторго ыраазычылык сөзүн жолдоду.
Мааракенин жүрүшүндө илимпоздор, кесиптештери, студенттери Бурул Каримованын баалуу илимий изилдөөлөрү, адамдык сапаттары, улуттук баалуулуктарды барктоо, сактоого кошкон салымдары тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле концерттик программа коштоду.
Белгилей кетсек, Бурул Каримова Кыргыз Республикасында биология багытында аялдардан 1-болуп докторлук даражага ээ болгон, бүгүнкү күндө 170тен ашуун макалалары,7 монографиясы, 5 окуу –методикалык китептери жарыяланып, билим берүү тармагында кеңири пайдаланылып келет. Анын 75 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференция күз айларына пландаштырылган.