“Концертке ОшМУда үзүрлүү эмгектенип жатышкан 500 айымга атайын чакыруулар берилген. Биз бүгүнкү кечеде Бабур театрында атайын швед стол жасап, келген ар бир айымга майрамдык куттуктоо айтып, көңүл буруп тосуп алабыз. Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ардагер айымдарга жеке даярдаган белектерин тапшырат” – деди кеченин программасы боюнча ой бөлүшкөн уюштуруучулардын бири Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун директору Түмөнбай Кодошов.
Белгилей кетсек, майрамдык кече 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата ОшМУнун жалпы айымдары үчүн уюштурулууда. Концерттин жүрүшүндө студенттерге татыктуу тарбия, билим берүү менен университеттин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келе жаткан айымдарга ОшМУнун ардак громаталары тапшырылат.