News

Акын Жыпара Умарованы эскерүү кечеси өттү

Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде акын, филолог Жыпар Умарованы эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Эскерүү кечесине акындын кесиптештери, курдаштары, студенттери, бир туугандары жана Амантур, Айдай аттуу перзенттери, обончу, аткаруучулар катышышты.

Алгач акын Жыпара Умарованын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу даярдалган «Өчпөс чырак» аттуу видео-сюжет көрсөтүлүп, келген коноктордун көзүнө жаш алдырды. Кеченин жүрүшүндө «Кызыма кырк нуска» китебинен факультеттин студенттери тарабынан сахналык көрүнүш тартууланып, «Сырдашуу» аттуу ырлар жыйнагынан окутуучулар, студенттер көркөм окушту. Кечеге келген ар бир катышуучу Жырапа Умарованын адамгерчилик сапаты, чыгармачылыгы, чыныгы педагогдук сапаттары, турмуш жолу тууралуу жылуу пикирлерин айтышып, обонго айланган ырлары, нуска кептери арабызда, айтылып, ырдалып турганда анын экинчи өмүрү жашай бере тургандыктарын белгилеп өтүштү.

Көзү тирүү болгондо Жыпара Умарова быйыл 47 жазын тосмок. Өрнөктүү өмүр өткөргөн акындын ырлары студент кезинен баштап гезит-журналдарга жарыяланып келген. 2002-жылы «Саамалык—3» жаштардын көркөм адабий чыгармаларынын жыйнагына ырлары чыккан. 2008-жылы жаштардын «Бүчүр» альманахына да ырлары жарыяланган. «Кызыма кырк нуска», «Сырдашуу» аттуу эки китептин автору болуп саналат.

Жыпар Умарова аз жашаса да өзүнүн ырларын сүйүп окуган окурмандары арбын. Анын ырларына обондор жазылып, элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келет. “Эллегия”, “Арзуу” аттуу ырларына обон жаратып ырдап келе жаткан обончу, аткаруучу Т.Кодошов, И.Жунусов обонун жазган “Мен өзүңө болбой калдым колукту” ырын Искусство факультетинин студенти Э Калилова, обончу Э.Талипов обонун жазган “Сырдашуу”, ырчы Р.Шүкүралиева обонун жазган “Апама” аттуу ырларын Р.Шүкүралиева, “Сырдашкым келет” сыяктуу ырлары жаңырды.

Белгилей кетсек, Акын Жыпар Умарова 1968-жылдын 5-декабрда Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. 1994-жылы ОшПИнин филология факультетининкыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 1991-94-жылдары Аксы районунун «Ленинчил жаш» орто мектебинде мугалим болуп эмгектенүү менен баштаган. Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде 10 жыл кабинет башчы, Ош МУнун финансы-юридикалык колледжинин улук окутуучусу болуп эмгектенген, өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде кайрадан кабинет башчы болуп иштеп турган.

6191 15:48 24-03-2015

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|