“Семинар учурунда Кыргызстандагы дары өсүмдүктөр, алардын мааниси, организимге тийгизген таасирлери жөнүндө кенири маалымат берилип, студенттер тарабынан даярдалган дары чөптөр, тундурмалар, даары чайлардын продукциялары сунушталды. Алар акция түрүндө сатылып, андан түшкөн 1720 (бир мин жети жуз жыйырма) сом каражат Ысманалы Муратовдун кайрымдуулук фондуна которулду. Студенттерди боорукеликке, кайрымдуулукка, эмгекчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулган семинар-жарманке факультеттин окутуучулары, студенттери тарабынан колдоого алынды”, - деди ТТжГФнин деканы Табылды Мамытов.
Эске сала кетсек, "МаралFM" радиосунун Оштогу бөлүм башчысы, журналист. ОшМУнун бүтүрүүчүсү Исманали Муратов боорундагы “Альвеококкоз” оорусуна байланыштуу чет өлкөдө боорун 80 миң АКШ долларына алмаштыруу керек. Январь айында Исманалинин достору операцияга акча чогултуу максатында #Ismanlife акциясын уюштуруп баштаган.