News

Т.Колдошов ”Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу обондуу ырлар жыйнагын басмадан чыгарды

Обончу, аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты Түмөнбай Колдошовдун ”Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу обондуу ырлар жыйнагы Бишкек шаарындагы “Улуу Тоолор” басмаканасынан 500 нускада басылып чыкты.

Жыйнакка Түмөнбай Колдошовдун элүүгө чукул чыгармасы ноталары менен киргизилген. Китептин башкы редактору Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаевдин "берген маалыматына ылайык ыр жыйнак усулдук колдонмо катары балдардын музыкалык мектептерине, атайын музыкалык орто жана жогорку окуу жайларына, жалпы билим берүү мекемелерине, ыр сүйүүчүлөрүнө арналат.

Калың элдин катмарына сиңип, угармандардын табитине төп келген чыгармаларды жаратып келе жаткан Түмөнбай Колдошовдун бул жыйнагына эл оозунда ырдалып жүргөн “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, “Сагындыңбы?.. Мен да сагындым...”, “Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен”, “Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң”, “Жарты кайык”, “Токто өмүр”, “Таарынуу” жана башка бир топ обондуу ырлары киргизилген.

6155 14:11 16-03-2015

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|