Аталган театр фестивалында Киноакадемиянын студенттери "Эң мыкты дебют" наамына ээ болушту. Ошондой эле Киноакадемиянын студенти Марипбай кызы Айганыш Д. Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты болсо, Өмүрбек кызы Диана "Эң мыкты аялдын образы" наамына татыды.
Университеттин Окумуштуулар Кеңешинде жалпы жамааттын атынан ийгилик менен келген ОшМУнун Киноакадемиясынын директору Улукбек Омокеевди жана студенттерди окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Белгилей кетсек, 2018-жылы өткөн студенттик спектаклдердин IV республикалык «Жаңы ысымдар» театр февтивалында ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери “Наристенин чаңырыгы” спектакли менен катышып, «Мыкты дебют», ал эми Алымбай кызы Аруна “Мыкты актриса” наамына ээ болушкан.