Турнирге Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусундагы бардык жогорку окуу жайларынын командалары катышкан.
Жыйынтыгында 3-орунга Кыргыз-Өзбек университети, 2-орунга Ош гуманитардык-педагогикалык институту ээ болсо, ал эми 1-орунду Ош мамалекеттик университетинин кыздар курама командасы багындырып, уюштуруу тобу тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, мелдеш буга чейин Ош мамлекеттик университетинде өткө. Бул ирет Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда уюштулду. Ал эми кийинки кезек Кыргыз-Өзбек университетине өткөрүлүп берилди.