News

«Алтай-Азия-2019» эл аралык форуму

2019-жылдын 7-10-октябрь күндөрү Барнаул шаарында Алтай мамлекеттик университетинде жаш лидерлердин “Алтай-Азия-2019” аттуу форуму болуп өттү. Форумга эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.М. Амиралиев барып катышып, “ОшМУнун академиялык мобилдүүлүк уюштуруудагы тажрыйбасы” деген темада доклад жасады. Мындан тышкары ал АлтМУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору Роман Ильич менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын приоритеттүү багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Орус-армян, Жавахарлал Нехру, Монгол финансы-экономикалык, эл аралык экономика жана дипломатия ж.б. университеттердин өкүлдөрү менен жакынкы күндөрдө эки тараптуу келишимдерди түзүү иш-аракеттерин талкуулап келди.

АлтМУ жана Россотруднечество агентствосу биргеликте "New generation Russia 2019" программасынын алкагында 4-жолу уюштуруп жаткан бул иш чарага Армения, Индия, Япония, Шри-ланка, Корея, Кыргызстан сыяктуу 11 өлкөлөрдөн жаш лидерлер келип катышып, билим берүү системасындагы интеграция, маданият аралык коммуникация, академиялык мобилдүүлүк, жаштар ортосундагы кызматташуу, окутуунун заманбап технологиялары ж.б. сыяктуу коомдогу саясий-маданий, экологиялык маселелер боюнча пикир алмашышты жана өздөрүнүн сунуштары менен бөлүшүштү.

Форум эл агартуунун түрдүү тармактарында эмгектенген өкүлдөрдүн ортосунда байланышты күчөтүү, билим берүү, илимий, ишкердик жана достук алакаларды бекемдөөнү максат кылды. Жаш лидерлердин семинар, мастер-класс, тренингдер жана интерактивдик лекцияларды камтыган жыйыны маданий программа менен коштолуп, коноктор үчүн Тоолуу Алтай аймагына экскурсия уюштурулду. Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттарга ээ болду. Форумдун катышуучуларынын жашы 25-35 жашты түздү.

2168 14:36 14-10-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|