News

ОшМУда “Көп түрдүүлүктөгү биримдик: педагогикалык мамилелер жана технологиялар” деген аталыштагы семинар башталды

Ош мамлекеттик университетинин 45 окутуучусу үчүн көп маданияттуу билим берүү программасы боюнча “Көп түрдүүлүктөгү биримдик: педагогикалык мамилелер жана технологиялар” деп аталган кесиптик чеберчилигин жогорулатуу семинарлары башталды.

Бул семинарлар 2019-жылдын 19-22-сентябрь жана 26-29-сентябрь күндөргө пландаштырылган. Иш чараны жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаменти БУУнун Адам укуктарын коргоо боюнча башкы башкармалыгы менен өнөктөштүктө уюштурулду.

“Биз бүгүнкү ааламдашуу кылымында көп түрдүү жана көп маданияттуу коомдо жашап жатабыз. Бул интеграция окутууга жана тарбиялоого жаңы талаптарды жаратууда. Билим берүүгө болгон мамилени өзгөртүү, деги эле бүгүнкү билим берүүнүн жаңы маселелерине ылайык окутуу процессин уюштуруу учурдун негизги талабы. Бүгүнкү семинар биздин педагогикалык эмес багыттарды окуткан кесиптештерибизге жаңы педагогикалык технологияларды үйрөнүүгө, бири бирибизден тажрыйба алмашууга шарт түзүп берет” – дейт өз сөзүндө жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаментинин директору, саясий илимдердин кандидаты Расул Абазбек уулу.

2208 10:54 23-09-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|