News

Евросоюздун Эразмус+ программасынын PAWER долбоорунун аймактык конференциясы уюштурулду

Ушул жылдын 25-26-июнь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы Самарканд ветеринариялык медицина институтунда Эразмус+ программасынын «Paving the way to interregional mobility and ensuring relevance, quality and equity of access (PAWER)» долбоорунун Борбордук Азиядагы университеттеринин аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чарага Казакстандын - 5, Тажикстандын - 4, Кыргызстандын - 3 жана Өзбекстандын 3 университетинин өкүлдөрү келишти. Жыйынды институттун ректору Худайназар Юнусов сөз сүйлөп ачып, аталган долбоор улуттар аралык достук мамиленин өнүгүшүнө чоң салым кошорун белгилеп, катышуучулардын ишине ийгиликтерди каалады.

Ош мамлекеттик университетинен бул жолугушууга долбоордун координатору Эрлан Камалов менен эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев катышып, долбоордун алкагында аткарылган иштер туурасында маалыматтарды беришип, “Ош Декларациясынын” негизинде уюштурулган академиялык мобилдүүлүк боюнча презентация жасашты. Натыйжада бир нече университет бул Декларацияга мүчө болууга кызыктар болуп калгандыктарын билдиришти. Ар бир университеттин өкүлдөрү жасаган жумуштарынын натыйжалары жана жетишкендиктери боюнча отчет беришкен соң, келечектеги пландар жана иш-аракеттер талкууланды.

Конференциянын экинчи күнүндө Англиянын Мидлсекс университетинин профессору Жордж Дефоласт “Студенттик мобилдүүлүк маселелери жана башка окуу жайлар менен студенттик алмашууну кантип жүргүзүүгө болот?” деген темада мастер-класс өтүп берди жана мобилдүүлүктү уюштурууга карата өзү иштеп чыккан электрондук системанын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Борбордук Азиянын аймактык конференцияга катышкан 15 университетинин ортосунда кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча эки жана көп тараптуу келишимдерди түзүп, ишке ашыруу маселелери каралды. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.

3020 10:20 08-07-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|