News

“Достук” сармерденинде ОшМУ биринчи

Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн “Достук” сармерденинде ОшМУнун талантуу профессордук-окутуучулук курамынан турган команда жеңишке жетишти.

Аталган “Достук” сармердени Кыргыз улуттук университети тарабынан демилгеленип уюштурулган. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз улуттук университети жана Ош мамлекеттик университетинин командалары катышуусу күтүлгөн сармерденге КМТУ катышпай калган.

Кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон улуттук баалуулуктарды чагылдырган сармердендин жыйынтыгында ОшМУнун таланттуу окутуучулары 344 балл менен жеңишке жетишти! Сармердедин катышуучуларын колдоп ОшМУдан баргандардын башында университеттин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов да турду.

Жалпы жамааттын атынан ОшМУнун намысын коргоп, таланттарын тартуулаган жалпы команданын курамын куттуктайбыз! Жеңишиңиздер кут болсун!

2874 09:59 01-07-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|