3 айлыктын жыйынтыгында ОшМУ «Мыкты социалдык мекеме» номинациясын алып, атайын сыйлыкка ээ болду. Сыйлыкты ОшМУнун социалдык жана тарбия иштер боюнча проректору Түмөнбай Колдошовго Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев тапшырды.
Белгилей кетсек, бул үч айлыктын жыйынтыгы мекемелер, уюмдар, ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер, көп кабаттуу жана жеке үйлөр арасында чыгарылып, эң мыкты жыйынтык көрсөткөндөргө атайын сыйлыктар тапшырылды.