News

Кадрлар резервине профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө үчүн II этаптагы педагогика-психология боюнча тесттик сынак өткөрүлдү

Бүгүн, 28-июнда ОшМУнун кадрлар резервине профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө үчүн II этаптагы педагогика-психология боюнча тесттик сынактар өткөрүлдү. Жобого ылайык сынакка I этаптагы предметтик тесттен 70 баллдан жогору упай алып, кийинки этапка жолдонмо алган талапкерлер катышышты. Сынакка катышкан 52 талапкердин (59 адистик боюнча) ичинен келбегендердин саны- 7, анын ичинен 2сү себептүү катышышкан эмес.

Сынак ОшМУнун көз карандысыз тестирлөө борборлорунда компьютерлерде уюштурлуп, жыйынтыгы дароо талапкерлерге маалымдалды. Жыйынтыгында III этапка өткөн талапкерлердин саны 21 ди түздү.

ОшМУнун кадрлар резервине профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө үчүн түзүлгөн жобого ылайык кийинки баскычка өткөн талапкер окутуучулук жөндөмдүүлүгүн, педагогикалык чеберчилигин текшерүүчү сынакка катышыштат.

3030 15:23 28-06-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|