News

"Илимге из салган окумуштуу-филологдор" деген аталыштагы илимий кече болуп өттү

Ош МУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде "Илимге из салган окумуштуу-филологдор" деген аталыштагы илимий кече болуп өттү.

Илимий кечеде магистранттар үчүн илимий-изилдөө лабораториясы, журналисттер үчүн Хромакей каанасы жана "Үмүт" музейинин ачылышы болду.

Ошондой эле, доцент Абдимиталип Мурзакметовдун "Кут дүйнө" аттуу фалеристикалык көргөзмөсү коюлду. Мында, агайдын 30 жыл аралыгында чогулткан 2500дөн ашуун төш белгилер коллекциясын көрүүгө болот. Аталган иш чара факультеттин илимий жумалыгынын алкагында өттү.

Кечеге ОшМУнун ректоратынан өкүлдөр, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышышты. Илимий кече концерттик программа менен коштолду.

2685 16:24 24-04-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|