News

Жаңы жылда ОшМУ 2 окуу-лабораториялык корпусту, 2 спорт комплексти, 1 гимназияны жана академиялык жаштар паркын курууну ишке ашырат

2019-жыл Ош мамлекеттик университетинин тарыхында орчундуу жылдардын бири болуп саналат. Ушул жылы ОшМУнун түзүлгөнүнө 80жыл болот. Бул маарекеге Ош мамлекеттик университетинин жамааты кызуу даярдыктар менен билим берүүнүн сапатын көтөрүү, заманбап инфраструктураны куруу, инвестицияларды тартуу, окутуучулардын эмгек акысын жогорулатуу, студенттерди сапаттуу адис катары тарбиялоо багытында ийгиликтер менен тосууну көздөп турат.

Жаңы жылга 2 окуу лабораториясынын курулушун баштап, бүтүрөт. Ошондой эле студенттердин спорттук жашоосун жакшыртуу максатында жабык типтеги 2 спорт комплекси курулат. Илимге шартты жакшыртуу, экологиялык таза университетке айландыруу багытында жаштардын академиялык шаарчасын курат.

Орто мектептерге жардам жана көмөк көрсөтүүчү окуу-усулдук борбор катары ОшМУнун “Билим” гимназиясынын заманбап имаратын ишке берет.

Ушул жылы ОшМУнун кулачы кеңейет. Эл аралык аброю арткан жыл болушуна аракеттер көрүлөт.

2903 12:38 25-12-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|