News

“ANATOMICUM”, 2019, декабрь: ДЕКАДАГА ЖАШ ОКУТУУЧУЛАР ТАРТЫЛУУДА

Декаданын 3чү күнүндө (06.12.19) доцент, м.и.к. С.Ж. Джолдубаев, улук окутуучу М. Нуруев, ассистент-стажер Орозбек уулу Турсунбек ачык сабактарын өткөрүштү. “Clinical anatomy” предметинен С.Ж. Джолдубаев 2-курстун eng-2A-18 тайпасына “Clinical anatomy of vein of the Abdomen.Venouse anastomoses. Clinical anatomy of lymph vessels of the Abdomen” деген темада IV-парада ачык сабак өткөрдү. Ал эми М. Нуруев жана Орозбек уулу Турсунбек “Clinical anatomy of nerves of the abdomen. Clinical anatomy of vessels of the pelvis” деген темада 2-курстун eng-20В-18, eng-5В-18, тайпаларына I жана III парада ачык сабактарын өткөрүштү. Сабак учурунда интерактивдуу метод менен, группаны эки кичи группаларга бөлүп, суроо-жооп, кроссворд, ситуациялык тапшырмалар берилип, анатомиялык препараттарда көрсөтүлүп, талкуулоо методикалары колдонулду. Жогорудагы сабактарга кафедрадан А.Эргешова, Н.Ташматова, С.Джолдубаев, Д.Тороев, Асанбек к. К, У.Ашимов, Т.Пайзилдаев, Э.Байгашкаев, А.Алимбековалар киришип, сунуш-пикирлерин БААЛОО БЛАНКАСЫ аркылуу билдиришти.
1576 16:53 09-12-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|