Кошумчалай кетсек, “Мевлана” программасы эки окуу жайдын ортосунда өз ара достук мамилени орнотуу, студенттердин, окутуучулардын илимпоздордун академиялык тажрыйба алмашуусуна өбөлгө болуучу программа болуп саналат.
Бул программанын алкагында буга чейин Түркиянын Кастамону, Синоп, Муш, Байбурт, Невшехир университеттери менен келишим түзүлүп, окутуучулар, студенттер билим, тажрыйба алмашып, достук мамилени чыңдап келишет.
Ош мамлекеттик университетинин 13 студенти Мевлана программасы боюнча Түркиядагы университеттер менен таанышып I семестрде 4 ай билим алып келишсе, аталган университеттерде 9 окутуучу эки жумалык иш сапары менен болушуп, тажрыйба алмашып келишкен.
2014-2015-окуу жылында “Мевлана” программанын алкагында конкурстан ОшМУда эмгектенген 22 окутуучу өткөн болсо, алардын ичинен 9 окутуучу I семестрде барып келишкен, калган 13 окутуучуyнун сапары II семестрге пландаштырылган. Алар Кастамону, Синоп, Невшехир, Байбурт университеттерине барып, тажрыйба алып келишет