Жанылыктар

«Жаштык» жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктады

Ош шаарындагы Бабур теартрында 17-март күнү ОшМУнун Искусство факультетинин "Жаштык" аттуу вокалдык-эстрадалык ансамблинин Нооруз майрамына арналган отчеттук концерттик программасы жалпы музыка сүйүүчүлөрүнө тартууланды.

Концертте жандуу музыкалык аспаптардын коштоосундагы жандуу ыр, бийлер жана факультеттин «ДО» ШТК курама командасынан маанай көтөргөн күлкү тартууланды. Концерттин жүрүшүндө сөзгө чыккан ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев ансаблдин курамына чыгармачылык эргүү, ийгиликтерди каалоо менен ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун атынан каалоо тилектерди айтып, Искусство факультетинин кайрадан гүдөп-өсүп-өнүшүндө, чыгармачыл агай-эжекелерди, студенттерди колдоодо университет тарабынан бир топ иштер жасалгандыгын белгилеп өттү жана ректораттын атынан ансамблдин курамына 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле ОшМУнун Профсоюз комитетинин төрагасы А.Аккулов, Искусство факультетинин деканы К.Курбанбаев куттуктоо сөздөрүн айтып, акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

Белгилей кетсек, «Жаштык» ансаблинин жетекчиси элдик музыкалык аспаптарды аткаруу жана ырдоо кафедрасынын башчысы, улук окутуучу Ж.Мойдунов.

6729 09:29 18-03-2015

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|