Лекцияга ОшМУ, ОшМСУ, ОГПИ, ОМЮИ, БатМУ сыяктуу жогорку окуу жайларынан келген окутуучулары катышышты. Профессор Сезари Коксиелньяк алгач лекция угуучуларга Польша мамлекетиндеги Познань шаары, шаардагы бир топ университеттердин ишмердүүлүктөрү боюнча маалымат берди. Ошондой эле учурдагы билим берүүнүн абалы, билим берүүнүн структуралык башкаруу менеджменти, Европа өлкөлөрүндөгү билим берүү системасы, билим берүүдө жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча ой бөлүшүп, кызыктырган суроолорго жооп берди.
Бүгүн, 17-март күнү саат 16:00дө студенттер (магистранттар), аспиранттар үчүн "Культура, устойчивость и высшее образование"(Culture, Sustainability and Higher Education) темасында лекция окуйт.