Жанылыктар

ОшМУда жаш окумуштуулардын илимий баяндамалары талкууланды

Ош мамлекеттик университетинде Магистратура жана PhD докторантура департаменти тарабынан 1-2-курста билим алып жаткан магистранттарга арналган “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Конференциянын пленардык отурумунда 4 баяндама окулуп, талкууланды. Анда Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин магистранты Аким кызы Айлира “"Манас" училтигиндеги эмгек темасынын тарбиялык манызы", Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистранты Тынчтыкбек Досмуратов “Кытайлык кыргыздардын жазуусунун калыптанышы жана өнүгүшү” деген темада баяндама жасады. Ал эми Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин магистранты Талант Кочкоров “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга болгон зордук-зомбулуктун психологиялык негизи”, Эл аралык медицина факультетинин магистранты Назгул Маматкулова "Кыргыз Республикасы менен Индиядагы Ковид-19 эпидемиясынын салыштырма мүнөздөмөсү” деген темалардагы баяндамалар талкууланды.
Жалпысынан магистранттардын 179 баяндамасы угулуп, талкууланды. Эң мыкты баяндама жасаган магистранттар сертификаттар, 1-2-3-орундарды ээлеген магистранттар дипломдор менен сыйланышты.
Жыл сайын уюштурулуп келе жаткан конференция магистранттарды илимге тартуу, илимий изилдөөлөрүнөн алынган материалдары, натыйжалары тууралуу ой бөлүштүртүү, башкаруучулук, маданий жана коомдук компетенцияларын калыптандыруу максатын көздөйт.
387 12:18 26-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|