Бул тууралуу ректордун буйругу чыгып, Социалдык жана тарбия иштери департаменти менен биргеликте иш план иштелип чыкты.
Ноябрь айында университеттин бардык факультеттеринде, колледждеринде, структуралык бөлүмдөрүндө айлыктын алкагындагы түрдүү форматтагы иш-чаралар менен коштолот.
«Жаштар-илим, искусство, маданият» айлыгы 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата ОшМУнун башкы корпусунда уюштурулган салтанат менен башталат. 10-ноябрда белгилүү коомдук ишмер И.Разаковдун 110 жылдыгына арналган вебинар, 12-ноябрда “Санариптик искусство” деген аталыштагы онлайн мастер класс, 13-ноябрда “Өз алдынча билим алууну туура уюштуруу жолдору” деген темада ОшМУнун студенттери учун мотивациялык семинар, 16-ноябрда ОшМУнун студенттери арасында “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюну, 18-нобрда ОшМУнун ректорунун кубогуна арналган Ош шаарындагы ЖОЖдор арасындагы интеллектуалдык оюн, 20-ноябрда “Бүгүн - бул сенин эртеңиң” деген темада ОшМУнун 1-курстары менен он-лайн маек уюштурулат.
Ал эми 23-ноябрда Мамлекеттик тил боюнча департаменти тарабынан “Кыргызча туура жаза аласызбы?” деген аталыштагы ОшМУнун студенттери үчүн он-лайн тест жүргүзүлөт. 26-ноябрда ОшМУнун Аялдар кеңеши тарабынан “Он-лайн окуунун маданияты” деген темада жолугушуу уюштурулат.
“Ноябрь айы маданият, жаштар, илим күнү менен коштолот. Андыктан биз университетте жаштарды илимге, билимге, адеп-ахлакка чакырган,студенттик күндөрдүн баалуулуктарын тааныткан айлык катары өткөрүүнү максат кылганбыз. Учурда студенттерибиз аралыктан билим алып жатышса да, бул темалардан сыртта калбашы керек. Алар университетте келип окуп жаткандай, түрдүү маданий-массалык иш-чараларга ушул жерде катышып жаткандай өздөрүн сезиши керек. Биздин студенттер билимдүү, таланттуу, тарбиялуу, ошол эле учурда активдүү, креативдүү”, -деди Социалдык жана тарбия иштери боюнча департаменттин директору Жылдыз Артыкова.