Ош мамлекеттик университетинин Кесиптик бирлиги 19-октябрь Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Бул майрамга карата университетте эмгектенген бир топ окутуучулар билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгектери жана жаштарга терен билим, татыктуу тарбия берүүдөгү салымдары үчүн республиканын, облустун жана Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Салтанаттуу жыйынга ОшМУнун социалдык жана тарбия департаментинин директору Жылдыз Артыкова, Кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров катышып, куттуктоо сөздөрүн жолдошту.