Жанылыктар

ОшМУнун айымдардан куралган волейбол командасы чемпион!

Ош шаарында 27-сентябрда пандемия шартында энелердин иммунитетин көтөрүүнү максат кылган мекеме ишканалардагы 25 жаштан 40 жашка чейинки айымдар ортосунда “Энелер лигасы” өттү.

Өтмө кубок катары уюштурулган лиганы “Энергетик” командасы уюштуруп, пандемия шартын эске алуу менен 4 команда "ОшМУ", “ОшТУ”, “Энергетик” жана “Алай” курама командалары катышты. Лигада ОшМУнун командасы 1-орунду багындырып, жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар уюштуруучулар тарабынан кубок жана акчалай сыйлык, белектер менен сыйланышты. Ошондой эле лиганын кийинки айлампасы ОшМУда уюштурула турган болду.

Жеңишиңиздер кут болсун! Дайыма жеңиштин туусун желбиретип, ийгиликтерди багындыра бериңиздер!

934 16:47 30-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|