Ош мамлекеттик университетинде 22-июнда ОшМУнун кадрлар резервине
профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө үчүн келип түшкөн 108
талапкердин документтеринин негизинде сынактар өткөрүлдү.
Сынактын биринчи этабында талапкерлер кафедралар тарабынан даярдалган 100
суроодон турган тесттен өтүштү. Аталган тесттик суроолор буга чейин ОшМУнун
сайтына ачык-айкын коюлуп, талапкерлерге маалымдалган эле.
ОшМУнун кадрлар башкармалыгынын берген маалыматына ылайык предметтик
сынактын 1-этабынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынакка катышкан 108
талапкердердин 50 сү предметтик тесттик суроолордон 70 баллдан жогору упай
алып, кийинки турга жолдонмо алышты.
Биринчи этаптагы сынактан өткөн талапкер 26-июнда өтүүчү II этаптагы
педагогика-психология боюнча тесттик сынактарга катышат. Сынактар ОшМУнун
башкы имаратындагы тестирлөө борборлорунда өтөт.
Cынактын жыйынтыгы төмөнкү маалыматта берилген: