Жанылыктар

Өзгөчө кырдаалда ОшМУда аралыктан окутууну уюштуруу

Азыркы болуп жаткан коронавирус COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиялык кырдаалда Ош мамлекеттик университети да дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу аралыктан билим берүүгө өттү. Кырдаалга байланыштуу ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков университетте окуу процессин дистанттык технологияларды колдонуу менен үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүүнүн түрдүү чараларын иштеп чыгып, кескин чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык буга чейин колдонулуп келе жаткан бир катар техникалык-программалык каражаттар модернизацияланды. Аралыктан байланышты үзгүлтүксүз уюштуруу максатында бир катар кызматташтык келишимдери түзүлдү. Төмөндөгү тизмеден ОшМУда аралыктан билим берүүнү эффективдүү жана үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, ошол эле учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоону уюштурган маалыматтык-коммуникациялык системалар менен таанышсаңыздар болот:

KelBil (КелБил) платформасы

Буга чейин бул мобилдик тиркеме студенттер үчүн электрондук расписание жана сабакка катышууну каттаган электрондук журнал катары гана колдонулуп келген. Эми толукталган жаңы мүмкүнчүлүктөргө ылайык сабактардын окуу материалдарын да түз эле KelBil программасындагы сабактын жадыбалына илүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Жогорудагы көрсөтмө аркылуу жадыбалга сабакта колдонгон бардык каражаттарды шилтеме же .pdf форматында тиркөөгө болот. Башкача айтканда биринчи жолу AVN системасындагы "Билим берүү порталы" менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эми студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар жадыбалга илген шилтемелерди, окуу материалдарын кеңири колдоно баштады. Ошондой эле аткарган тапшырмаларына мугалимдин кайтарым байланышын, алган упайларын да ушул жактан көрө алат.

AVN (АВН) корпоративдик маалымат системасы . ОшМУнун AVN маалыматтык системасы окутуучулардын жана кызматкерлердин аралыктан иштөөсүнө ыңгайлаштырылды. Ага ылайык эми ар бир окутуучу үйүндө олтуруп эле өзүнүн расписаниесин өзгөртүп, тесттик материалдарды кийирип, электрондук ведомостторду текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен толтуруп, студент менен кайтарым байланыштарды уюштура алат. Бүгүнкү шартка жараша студенттин аралыктан билим алуусун уюштуруп берген бардык электрондук окуу материалдар ар бир предмет боюнча AVN системасына киргизилген. Окутуучу тарабынан ар бир студенттин он-лайн сабактарга катышкандыгын, тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөө жана каттоо, студенттерге кайтарым байланыштарды берүү толук автоматташтырылган. Ал эми студентке өзү жөнүндөгү бул маалыматтар автоматтык түрдө КелБил программасы аркылуу жөнөтүлүп турат, б.а. AVN системасы менен КелБил программасы синхрондуу иштейт. Тиешелүү структура жетекчилери каалаган убакытта аталган системага кирип бул процесстердин өз убагында аткарылышын ийкемдүү көзөмөлдөп, тиешелүү отчетторду чыгара алат.

Корпоративдик почта . Ош мамлекеттик университетинин DATA-борборунда иштеп жаткан mail.oshu.kg почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун официалдуу электрондук дареги түзүлдү. Эми учурдун талаптарына ылайык ОшМУнун ар бир окутуучусу (кызматкери) *@oshsu.kg корпоративдик электрондук дареги аркылуу официалдуу университеттин окутуучусу катары башка тараптар менен кат алмашуусуна шарт түзүлдү. Натыйжада университетте ички жана сырткы тараптар менен маалыматтарды ыкчам алмашууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш аракеттери күчөтүлдү. Ошондой эле ректор тарабынан аталган корпоративдик сервердин жардамында *@oshsu.kg даректеринин ортосундагы ички документ алмашууну официалдаштыруу максатында электрондук кол тамганы коюу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча тишелүү адистерге тапшырма берилип, аз күндө бул мүмкүнчүлүктүн да ишке ашуусу күтүлүүдө.

Видеоконференция-байланыш системасы.

Өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөчө абалда университетте студенттерге онлайн видео сабактарды сапаттуу уюштуруу максатында AVN информациялык системасынын вебинарын колдонуу менен бирге Zoom системасы кеңири колдонулууда. Университеттин жетекчилиги карантин мезгилинде окуу процессин талапка ылайык уюштуруу максатында структуралык бөлүмдөрдүн ишмерүүлүгүн сапаттуу үзгүлтүксүз улантуусун камсыздап биринчилерден болуп Zoom программасынын жардамында университеттин административдик кеңешмелерин, андан кийин бардык структуралык бөлүмдөрүнүн кеңешмелерин онлайн уюштурууга жетишти. Мындан сырткары мегаком компаниясы менен келишимдин алкагында vks.megacom программасы да университеттин ар түрдүү денгээлдеги жыйналыштарын онлайн уюштурууга кеңири колдонула баштады.

Булардан сырткары маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында ректордун талабы менен университеттин өздүк bbb2.oshsu.kg/ деп аталган видеоконференция уюштуруучу байланыш системасы иштелип чыкты. Бул система жогоруда аталган интернет каражаттары сыяктуу сапаттуу видеоконференцияларды, б.а. синхрондук байланышты уюштурууга шарт түзүп, маалыматтарды университеттин датацентринде гана сакталуусуна жол ачты.

Ошондой эле ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков MegaCom компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, түзгөн келишимдерине ылайык ОшМУнун окутуучулары жана кызматкерлери акысыз интернет жана байланыш кызматтарына ээ болушту. Ошондой эле эми студенттер, магистранттар жана аспиранттар үчүн ОшМУнун 35 тен ашуун интернет зоналарына кирүү жана андагы электрондук маалымат ресурстарын колдонуу акысыз болуп калды.

RETEST.KG сайты . Абитуриенттер үчүн ЖРТга даярдоо жана алардын даярдыктарын текшерүү максатында колдонулуучу атайын сайт иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан 2000 ден ашуун окуучулар бул RETEST.KG сайтына кирип, ЖРТга даярдыктарын текшерүүдөн өткөрүп жатышат.

3266 18:38 12-04-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|