Жанылыктар

Окутуучулар арасында өткөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 29-январда университеттин 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи балуп өттү. Алгач окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Турдалы Оморовду куттуктап, сыйлыгын тапшырды.

Жамааттын биримдигин чыңдоо жана ынтымагын арттыруу максатында уюштурулган иш чарага университеттин бардык структураларынан командалар катышышты.

Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте I орунду Бизнес жана менеджмент факультети, II орунду Педагогика, психология жана дене тарбия факультети, III орунду Математика жана информациялык технологиялар факультети жеңип алышып, университеттин ректору Кудайберди Кожобековдун жана профсоюз уюмунун төрагасы Абдыжапар Аккуловдун, орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректору Тажимамат Эркебаевдин колунан диплом, кубок, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Ошондой эле мыкты оюнчуларга да профсоюз уюму тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мелдеш жамааттын ден соолугун чыңдоо, биримдикти, достукту бекемдөө максатында уюштурулду.

Аталган спорттук мелдеште волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, баскетбол, мини футбол оюндары боюнча агайлар, эжекелер командалары ортосунда күч сынашуулар орун алган.

2002 12:28 29-01-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|