Жанылыктар

ОшМУнун дене тарбия кафедраларынын окутуучулары билимин жогорулатышууда

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессору К.У. Мамбеталиев жана доцент Ч.Н. Арыкованын катышуусунда "Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу" боюнча бир жумалык семинары башталды.

Семинардын тренерлери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессору К.У. Мамбеталиев жана доцент Ч.Н. Арыкова алгач университеттин окуу иштери боюнча проректору З.Божонов менен жолугушуп, университеттин учурдагы жүргүзүп жаткан иш аракеттери, алдыдагы пландары боюнча пикир алышышты.

Аталган семинар ОшМУнун ректору, доцент К.Г. Кожобековдун демилгеси менен уюштурулган. Семинарга ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин 2 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин 1 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын, дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары катышып жатышат.

2001 11:58 28-01-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|