Жанылыктар

Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?

ОшМунун башкы корпусунда “Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?” аттуу маалымат жыйыны болуп өттү.

Жыйынга ОшМУнун ректору К. Кожобеков, Эл аралык байланыштар департаментинин директору А. Абдувалиев, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С. Амиралиев, академиялык мобилдүүлүк боюнча чет өлкөлөргө барып келген студенттер катышты.

Алгач сөзгө чыккан ОшМУнун ректору К.Кожобеков: “Бүгүн заман агымы менен тең жарышып, убакыттан уттурбай билим алчу мезгил. Чет өлкөдө окуп келүүгө Ош мамлекеттик университетинде баардык шарттар караган. Күн санап академиялык мобилдүүүктүн аянты кеңейүүдө. Учурда “Ош декларациясынын” алкагында 53, ОшМУдан башка окуу жайларда 31 студент билим алууда. Быйылкы жылы Ош мамлекеттик университенен 130га жакын студент, 45 окутуучу чет өлкөгө чыгып тажрыйба алмашып келди. Билим сапарында талбай изденүүнү каалайм”-, деп билдирди.

Эл аралык байланыштар департаментинин директору А. Абдувалиев жыл бою аткарылган иштерге токтолуп, студенттерге чет өлкөдө окуп келүү программалары менен кенен тааныштырды.

Андан соң академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келген студенттер презентация жасашып, жыйындын соңунда суроо жоопко орун берилди.

Эскерте келтсек, акыркы 3 жылда 1500дөн ашуун студенттерибиз “Мевлана”, “ДААД”, “ШОС”, “Ерасмус+” программалары аркылуу чет өлкөлөрдө билимин өркүндөтүп келишкен.

1902 06:19 23-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|