Жанылыктар

Университеттин жаканаларында жаңы жылдык кечелер өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинин жатаканаларында жашаган студенттер үчүн жыл сайын өзгөчө майрамдык кечелер тартууланып келет. Быйылкы жылы да жаңы жылдык майрамдык кечелер башталды, 19-декабрда университеттин №4 а, №4 б, №6, №7 жатаканаларында орун алып, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков факультеттердин декандары, социалдык иштер жана тарбия департаменти менен биргеликте жалпы студенттерди жаңы жыл менен куттуктады.

Кечеге жатаканада жашаган студенттер менен факультеттердин декандары, окутуучулар, жатакана кызматкерлери да катышып, ыр ырдап, бийлеп жагымдуу маанайда тосуп алышты. Ар бир жатаканада майрамдык кече шаң менен коштолду. Аяз ата, аяз кыз тарабынан кызыктуу конкурстар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө майрамдык белектер ыйгарылды.

Студенттерди кирип келе жаткан 2020-жаңы жыл менен куттуктаган ректор 2019-жылда университетте жасалган алгылыктуу иштер боюнча презентация жасады жана кирип келе жаткан жаңы жыл да ОшМУ үчүн максаттуу жылдардан болоорун белгилеп, ар биринин тилек, максаттары орундалуусун каалады.

Ар бир жатаканада жаңы жылдык майрамдык кечелер тартууланып, ыр-бийлер аткарылды. Жаңы жыл алдында жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан сынактар жыйынтыкталып, «Жылдын мыкты бөлмөсү», «Жылдын жасалгалуу бөлмөсү», “Жылдын мыкты старостасы” номинациясынын ээлерине да үй-тиричилигине керектелүүчү каражаттар тапшырылды.

Майрамдык кечелер университеттин башка жатаканаларында орун алууда.

1765 15:50 20-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|