Джон Сильвер буга чейин АКШнын мамлекеттик департаментинин дипломаты катары Дакар, Сенегал жана Вашингтондо да эмгектенген.
Жолугушууга ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Сабыркуль Калыгулова да катышып, анда англис тилин окутуунун заманбап усулдарын жайылтуу, окутуучулардын профессионалдык денгээлин көтөрүү, АКШнын мамлекеттик департаменти каржылаган гранттарга долбоор жазуу, инклюзивдик билим берүү жана STEM билим берүү системасы боюнча тренерлерди даярдоо жөнүндө сөз болду.