Жанылыктар

ОшМУда “Мигрант: кечээ, бүгүн жана эртең” деген аталыштагы эл аралык форум өтүп жатат

БУУнун Башкы Ассамблеясы 18-декабрды Эл аралык мигрант күнү деп жарыялаган. Эл аралык мигрант күнүнө карата бүгүн Ош мамлекеттик университетинде “Мигрант: кечээ, бүгүн жана эртең” деген аталыштагы эл аралык форум өтүп жатат. Форум Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик миграция кызматы менен биргеликте уюштурулду. Форумдун алкагында бош орундар жарманкеси орун алды.

Форумдун ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутары, вице-спикер Мирлан Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты.

“Бүгүнкү форумда 15 тен ашуун алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн 40тан ашуун жеке иш берүүчү агенттиктер 3000 ден ашуун бош орундар боюнча, жумушка жайгашуу, тиешелүү талаптар боюнча маалымат берип жатышат. Бул маалыматтар форумга катышып жаткан биздин бүтүрүүчүлөргө чоң жардамы тиет деп ишенебиз.

Бүгүнкү күндө ОшМУда Санариптештирүү жылынын алкагында жумушка жайгаштыруу боюнча атайын иш жүрүп жатат. Учурда ОшМУнун сайтында бүтүрүүчүлөр үчүн бөлүктө бардык иш каналар, жеке иш берүүчү агенттиктер боюнча база түзүлүп, онлайн-байланышуу кызматы кирет. Биздин студенттер 2-3-курстан тартып өздөрү ушул базалар аркылуу жумуш берүүчүлөр менен байланышып, пратикаларга чыгып, окууну аяктаганга чейин жумуш менен камсыз болууга шарт жаралат”, -деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Бош орундар жарманкесин өткөрүүнүн негизги максаты жумуш издеген бүтүрүүчүлөргө бош орундар жөнүндө ачык-айкын маалымат берүү, окууну аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

1828 11:16 18-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|