Жанылыктар

Кыргыз-Түрк факультетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жумалыгы өттү

Алп жазуучу, дүйнөлүк адабияттын корифейи Чынгыз Айтматов тирүү болсо быйыл 91 жашка чыкмак. Бүгүн ал арабызда жок болсо да, анын чыгармалары коомдо билим берүү жана тарбиялоо процессинин ажырагыс бөлүгүнө айланып калгандыгы талашсыз.

Айтматов мындан 91 жыл мурун 12-декабрда жарык дүйнөгө келген. Залкар жазуучуну ушул күнү көптөгөн билим берүү мекемелери эстеп, түрдүү салтанаттар менен коштоп отурган убактары.

Кыргыз-Түрк факультетинде 9-декабрдан 13-декабрга чейин Чынгыз Айтматов жумалыгында бир жума бою жазуучунун чыгармаларына жана бейнесине арналган иш чаралар өткөрүлдү.

10-декабрда журналистика адистигинин студенттери Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окушуп, сахналык көрүнүштөрдү аткарышты жана ыр ырдашты. Кыргыз-Түрк факультетинин жалпы студенттерине жана мугалимдер жамаатына бир сааттык майрамдык маанай тартуулашты.

11-декабрда Кыргыз-Түрк факультетинин адистиктеринин (экономика, журналистика, туризм жана компьютердик инженерия) ортосунда "Аалам жана Айтматов" аталышындагы акыл таймаш интеллектуалдык оюуну өттү.
Жыйынтыгында журналистика адистиги 1-орунду багындырды.
12-декабрда Жумалыкты кыргыз тили предметинин окутуучусу ф.и.к. Курманжан Нармырзаева "Айтматов ааламы чексиз" аталышындагы автордук сабагы менен улады. Журналистика жана экономика адистиктеринин студенттеринин ортосунда жазуучунун чыгармалары, каармандары тууралуу пикир алышуу болду.

13-декабрда Чыңгыз Айтматов жумалыгы жалпы студенттер жана мугалимдер жамааты биргеликте жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм фильмдерди көрүү менен жыйынтыкталды. "Жамила" тасмасы түрк тилинде, ал эми "Махабат дастаны" кыргыз тилинде тартууланды.

2414 12:53 16-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|