Жанылыктар

Мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон ОшМУнун 3 окутуучусун жамаат куттуктады

ОшМУнун ректорунун м.а., доцент Кудайберди Кожобеков бүгүн 23-сентябрда университеттин Административдик кеңешинде 19-сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде өлкө башчысынын колунан сыйлыктарга ээ болгон ОшМУнун 3 окутуучусун жалпы жамаатын атынан куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ОшМУнун Искусство факультетинин музыкалык аспаптар жана ырдоо кафедрасынын доцентти, белгилүү обончу ЭГЕМБЕРДИ ТАЛИПОВго жана таланттуу ырчы агайыбыз МАНАС КОЖОМЖАРОВго "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистти" ардактуу наамы берилди жана МАМЫРАЛЫ ЭШБАЕВ агайыбызга "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" деген ардактуу наамы ыйгарылган болчу.

2209 11:28 23-09-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|