Жанылыктар

ОшМУнун делегациясы Түркияда бир катар кызматташуу алакаларын чыңдоочу жолугушууларды өткөрдү

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков башында турган окумуштуулардан турган делегация Түркияда иш сапарда болуп келишти. Сапардын алкагында алгач Түркиянын Дин иштери боюнча төрагасынын орун басары Селим Аргун менен жолугушту. Жолугушууда Селим Аргун ОшМУнун теология факультетинин жетишкендиктерине токтолуп, мындан кийин да факультет үчүн зарыл болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана өзгөчө окуу китептерин, адабияттарды даярдап чыгарууда көмөктөшөөрүн айтты. Мындан сырткары «Ыйман» гимназиясынын окуу корпусун жана жатаканасын кыска аралыкта куруу зарыл экендигин баса белгиледи. Селим Аргун эки өлкөнүн ортосундагы жакын карым-катнаштын мындан кийин да улана бере тургандыгын айтып, ОшМУнун ректору, профессор К. Исаков баштаган делегациянын иштерине ийгиликтерди каалады.

Ушул эле сапардын алкагында делегация Түркия дин иштери башкармалыгынын сырткы иштер боюнча мүдүрү Эрдал Аталай менен жолугушуп, келечекте жасала турган бир топ жакшы пландар боюнча сүйлөшүү болду. Ошондой эле Түркия Диянет фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы Мустафа Байрактар менен Түркия Диянет фондунун мүдүрү Мехмет Саваш Полат менен кызматташуу багытында жолугушууларды өткөрдү.

Кийинки күнү ОшМУ менен тыгыз кызматташып келе жаткан Анкара университетинде теология факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, ОшМУга келип эмгектенип кеткен окутуучулар менен жыйын уюштурулду. Жыйында ОшМУнун теология факультети менен Анкара университетинин теология факультетинин көп жылдык кызматташтыктары, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер, кызматташтык карым-катнаштары боюнча сөз болуп, мындан ары да бул өз ара алакаларды бекемдөө, билим берүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, биргелешкен конференция, илимий изилдөөлөрдү уюштуруу, тажрыйба алмашуу багытында алакалар бекемделе бере тургандыктарын белгилешти.

2575 14:27 28-06-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|