Жанылыктар

Түрк дүйнөсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча I эл аралык конгресси уюштурулуп, ОшМУнун профессору Таасилкан Жумабаеванын 60 жылдык юбилейи белгиленди

22-апрелде Ош мамлекеттик университетинде Магистратура жана PHd докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Таасилкан Жумабаеванын 60 жылдык юбилейинин алкагында «Түрк дүйнөсүнүн табигый илимдер жана медицина боюнча I эл аралык конгресси» уюштурулду.

Конгресске Түрк илимдер академиясынын башчысы профессор, доктор Онур Отакиши, Игдир университетинин ректору, профессор Мехмет Хакки, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан, Бишкек шаарынан келген делегаттар, өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайлардан окумуштуулар катышышты.
Пленардык жыйында Түркия мамлекетинен келген профессор Суат Эрдоган, Өзбекстандан келген академик Бахадирханов Мухамед Кабир, Азербайджан өлкөсүнөн келген профессор Имамеддин Амирасланов жана башка илимпоздор илимий баяндамаларын жасашты.
Конгрессиянын жүрүшүндө профессор Таасилкан Жумабаеванын өмүр жолун чагылдырган эмгектеринин көргөзмөсү орун алды.

Эл аралык конгресстин экинчи бөлүгү конгресстин демилгечиси жана уюштуруучусу, ОшМУнун Магистратура жана PHd докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Таасилкан Жумабаеванын 60 жылдык юбилейине арналды. ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков ректорат өкүлдөрү менен биргеликте маараке ээсин куттуктап, университеттин Ардак грамотасы, бир айлык өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы менен сыйлады. Ошондой эле жылуу сөздөрүн айтып, белектерин тапшырып, ак элечек кийгизишти.

Республикабыздагы бир топ жогорку окуу жайларынан келген ректорлор, окумуштуулар, устаттары, шакирттери, конгресске келген коноктор да куттуктоо сөздөрүн жолдошту. Кече ОшМУнун таланттарынын обондуу ырлары менен коштолду.

Белгилей кетсек, Таасилкан Жумабаева 100дөн ашуун илимий-популярдуу жана 20дан ашуун публицистикалык макалалардын, Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыгарылган 3 окуу куралынын, 4 окуу китебинин жана 1 монографиянын автору. Таасилкан Жумабаева окумуштуу, илимпоз, педагог, сүйүктүү устат катары белгилүү инсан. Билим берүү тармагында, анын ичинде Ош мамлекеттик университетинде катардагы окутуучулуктан, доцент, профессор, кафедра башчысы, факультеттин деканы, окуу иштер, илимий иштер боюнча проректор, магистратура жана PHd докторантура бөлүмүнүн башчы кызматтарын аркалап, үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Кошумчалай кетсек, эл аралык конгресс 21-23-апрелге чейин уланып, анда түрк дүйнөсүнөн келген илимпоздордун кызыктуу баяндамалары суроо-жооп, талкуулар менен уланууда.

2819 11:42 23-04-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|