Жанылыктар

ОшМУнун жатаканаларында Нооруз майрамына арналган кечелер өтүп жатат

Ош мамлекеттик университеттин бардык студенттик жатаканаларында нооруз майрамына арналган майрамдык кечелер уюштурулуп жатат.

Жатаканаларда кыз-жигиттин сармерден оюну уюштурулуп, нооруздун негизги улуу тамагы болгон сүмөлөктөр кайнатылып студенттерге таратылды. Ошондой эле күрөш, аркан тартыш, волейбол, кол күрөш, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндар уюштурулду. Жатаканада үлгүлүү жашап, коомдук-маданий иш чараларга активдүү катышып, спорттук оюндарда жеңишке жетишкен студенттерге диплом, баалуу белектер ыйгарылды.

Нооруз майрамына арналган жатаканалардагы иш чараларга ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, университеттин проректорлору, профсоюз уюму, ошондой эле факультеттин декандары, тарбия иштери боюнча орун басарлары, окутуучулар, студенттер катышышты.Өзгөчө быйылкы жылы ОшМУ уюштуруу иштерин колго алып өткөрүп жаткан “Универсиада -2019” мелдештерине өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген студенттер, мектептик жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын директору Эркинбек Абдылдаев башында турган конокотор да күбө болушту.

Майрамдык иш чараларга катышкан бардык коноктор студенттер менен бирге сүмөлөк аралаштырып, жаңырып келген жаңы жылда эл-журтка жакшылыктарды тиледи.

Мындай иш-чаралар Ош МУну ректораты жана профсоюз уюму тарабынан колдоого алынып салтка айланып жыл сайын уюштурулуп келет.

3106 03:34 20-03-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|