Жанылыктар

ОшМУ бөбөктөргө «Жаңы жылдык балаты» тартуулады

ОшМУда профсоюз комитети тарабынан бөбөктөргө арналган «Жаңы жылдык балаты» кечеси уюштурулду.

Жаңы жылдык балатыга университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки 300гө жакын балдары катышышты.

Майрамдык кечени ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Абдижапар Аккулов, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Түмөнбай Колдошов, мамлекеттик тил боюнча проректор Сабыр Арстановдор ачып, жаңы жылдык куттуктоо сөздөрүн айтышты. Ошондой эле ар бир үй-бүлөдө балдардын шаңдуу күлкүсү жаңырып туруусун, бөбөктөрдүн жашоосуна кең келечек, бактылуу балалык каалашты жана кеченин уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.

Кечени жомок каармандары коштоп, искусство факультетинин таланттуу студент ырчы-бийчи студенттери ыр ырдап, бийлеп, бөбөктөргө жагымдуу маанай тартуулашты, ошондой эле балдар, ата-энелер үчүн кызыктуу оюндар уюштурулду. Бөбөктөрдү кубандырган кеченин негизги каарманы болгон аяз ата, аяз кыз келип, балдардын майрамдык ыр-бийлерине күбө болуп, ар бир балага уюштуруучулар тарабынан өзгөчө белектер тапшырылды. Кечеде ОшМУнун «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун таланттуу окуучуларынын концерттик программасы тартууланды.

Белгилей кетсек, мындай иш чара профсоюз комитети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет, концерттик программа профсоюз комитетинин маданий-массалык иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Фарида Мангиева тарабынан даярдалды.

2203 15:44 25-12-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|