Жанылыктар

ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери «Мыкты дебют», «Мыкты актриса» наамы менен сыйланды

Бишкек шаарында Маданият жана туризм министрлиги, Кыргызстандын театр ишмерлеринин союзу менен биргеликте өткөргөн студенттик спектаклдердин IV республикалык «Жаңы ысымдар» театр февтивалында ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери катышып келди.

Фестивалда Киноакадемиясынын студенттери Чынара Калыбекованын «Наристенин чаңырыгы» спектаклин коюшты. Жыйынтыгында жалпы команда “Мыкты дебют” деген наам алса, Киноакадемиянын 1-курсунун студенти Алымбай кызы Аруна “Мыкты актриса” наамына татыды. Сыйлыкты КРдин Эл артисти Жамал Сейдакматова тапшырды.

2336 11:55 24-12-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|